super.kg logo

Бишкекте унаалардын катализатору текшерилди

 

Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу унаалардын катализаторун текшерүү боюнча рейд уюштурду. Бул тууралуу кечээ, 5-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, анда автоунаалардын катализатору, бөлүнүп чыккан түтүндүн жаратылышка зыяндуулугу текшерилди.

"Жыйынтыгында борбордогу унаалардын басымдуу бөлүгү көмүр кычкыл газын нормадан көп бөлүп чыгара турганы аныкталды. Айрым унааларда чыккан түтүндү чыпкалай турган катализатор жок болуп чыкты. Мындай жагдайлар аныкталган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык айдоочуларга протоколдор түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Бишкек мэриясы катализатор сатуучу пункттарды ачууну пландоодо. Аталган жайларда түтүндү чыпкалай турган жабдык базар баасынан үч эсе арзан болот.

Белгилей кетсек, мындай чара борбордун атмосфералык абасынын абалын жакшыртууга багытталган. Мындай рейддик иш-чаралар улантылат.

Маалымат үчүн: Расмий статистика боюнча Бишкек шаарынын аймагында 400 миңден ашык унаа катталган. Андан тышкары аймактардан келген унааларды кошо эсептегенде шаардагы унаалардын саны 500 миңден ашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: