super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Кантип белгилейт?

 

Президент Садыр Жапаров туулган күн тосконду анча жактыра бербейт. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов SUPER.KG медиа порталына президент туулган күнүн кантип белгилейт деген суроого жооп берип жатып билдирди.

"Кадимкидей эле иш күн. Туулган күн тосконду анча жактыра бербейт. Кечинде иштен кийин үй-бүлөсү, жакындары символикалык түрдө куттуктайт", - деди ал.

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров 56 жашка толду. Аны туулган күнү менен куттуктап башка өлкөлөрдүн президенттери куттуктоо телеграммаларын жиберип жатышат. Алардын катарында Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана коңшу өлкөлөрдүн лидерлери да бар.

Садыр Жапаров өлкөнүн президенти болуп 2021-жылдын январь айында шайланган. Ага шайлоочулардын 79,2 пайызы добуш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: