super.kg logo

Мурда бир нече жолу соттолгон жаран Бишкектен кармалып, Ошко жеткирилди

 

Ош шаарында уурулукка барган шектүү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 14-апрелде Ош шаарынын 39 жаштагы тургунунун Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасынын терезесин сындырып, капчыгын, паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, банк карталарын, 10 миң сомун жана аялына тиешелүү болгон буюмдарын уурдап кеткен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы тургуну Бишкектен кармалган. Ал мурда уурулук кылмыштары боюнча бир нече жолу соттолгон.

Учурда шектүү Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: