super.kg logo

Шоколад менен кофени сүйөсүзбү? 2025-жылдын негизги түсү белгилүү болду

 

Келерки жылдын негизги түсү белгилүү болду. Түс боюнча дүйнөлүк белгилүү Pantone компаниясы 25 жылдан бери дизайн, мода жана сулуулук тенденцияларынын өңүн аныктоо үчүн жылдын түсүн тандап келет. Жыл сайын Pantone институтунун келерки жылдын түсүн жарыялоону дизайнерлер, мода дизайнерлери, графикалык дизайнерлер, интерьер декораторлору гана эмес, визажисттер менен тырмак жасоочулар да чоң кызыгуу менен күтүшөт.

Аталган институттун расмий сайтындагы билдирүүгө ылайык, жумшак күрөң Mocha Mousse түсү келе жаткан 2025-жылдын негизги түсү деп жарыяланды.

Маалыматта Mocha Mousse байлыкка толтурулган жылуу күрөң түсү бизди шоколад менен кофенин даамдуу сапаттары менен азыктандыра турганы белгиленген.

Түстү тандоодо эл аралык кырдаалдын ролу да эске алынган. Тактап айтканда, дүйнө жүзү боюнча олуттуу саясий толкундоолор болгону, анын фонунда ынтымакка муктаждык күчөгөнү белгиленген.

Ал эми 2024-жылдын башкы түсүн Peach Fuzz деп жарыялаган болчу. Бул өң шабдаалынын түсү.

Pantone түс институту - бул изилдөө борбору, анын эксперттери түс жана анын эффектилери менен эксперимент жүргүзөт. Бул мода индустриясы башка дизайнерлердин, таасирдүү мода үйлөрүнүн, ири интерьер компанияларынын долбоорлорун да карайт.

Pantone адистери жыл башынан бери түс моделдерин талдап келишет жана маалыматтарды чогултуу тогуз айга созулат. Pantone түс институтунун бөлүмү искусство, кино жана спорт дүйнөсүндөгү учурдагы окуяларды, дизайнерлердин коллекцияларын, саясий жана экономикалык күн тартибин эске алат. Жадакалса жаңы мультфильмдер, сенсациялуу окуялар жана популярдуу сайттар статистикага таасир этиши мүмкүн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: