super.kg logo

Элдик Банк баалуу кагаздардын эл аралык деңгээлдеги депозитарийин түзөт

 

Элдик Банк Alvarez&Marsal компаниясынын колдоосу менен баалуу кагаздардын эл аралык деңгээлдеги депозитарийин түзүп, дүйнөлүк каржы рыногунда Кыргызстандын ордун бекемдейт.

Ушул жылдын 6-декабрында Кыргызстандын алдыңкы каржы институту болгон «Элдик Банк» ААК менен Alvarez&Marsal (A&M) эл аралык консалтинг компаниясынын ортосунда документке кол коюу үчүн салтанаттуу азем болуп өттү. Аталган документтин алкагында Банк A&M компаниясынын кеп-кеңеши менен келечекте дүйнөлүк депозитарийлер менен байланышып, улуттук баалуу кагаздар рыногун өнүктүрө турган эл аралык деңгээлдеги баалуу кагаздардын депозитарийин түзүү долбоорун ишке ашырмакчы.

"Депозитарийди түзүү - Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын да, республиканын банк системасына чет элдик инвесторлордун ишенимин да бекемдөөдө олуттуу кадам болуп саналат. Мына ошондуктан, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн биз Alvarez&Marsal компаниясын жумушка тарттык, анткени бул компания стратегиялык консалтинг жана активдерди тескөө чөйрөсүндө эксперт катары кеңири таанылган", - дейт «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Долбоордун негизги максаттары инвесторлордун ишенимин бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу, жергиликтүү баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана дүйнөлүк каржы системасына интеграциялануу болуп санала тургандыгын белгилей кетебиз. Мындай ийгиликке жетишүү үчүн Элдик Банк дүйнөдөгү алдыңкы европалык депозитарийлер менен депозиттер аралык көпүрөлөрдү курууну, ошондой эле, дүйнөлүк деңгээлдеги тейлөө кызматтарын, ошондой эле, активдерди сактоону жана башкарууну камсыздоо үчүн дүйнөлүк кастодиан-банктар менен кызматташууга камылга көрүүдө.

"Биз Элдик Банк баштап жаткан мына ушундай орчундуу долбоордун бир бөлүгү катары иштеп жатканыбызга сыймыктанабыз. Кыргыз Республикасы каржы секторун өнүктүрүүдө зор потенциалга ээ жана биздин мамлекеттик банк менен кызматташуубуз мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны жайылтууга жана дүйнөлүк каржы коомчулугунун назарын бурууга өбөлгө болот", - деп белгиледи Alvarez&Marsal компаниясынын Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Антон Аважанский.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө чет өлкөдөн инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү, жергиликтүү жана эл аралык кызыктар тараптар үчүн финансылык инструменттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана ишенимдүү жана келечектүү инвестициялык багыт катары өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөө боюнча ийгиликтүү натыйжаларга жетишүү пландалууда.

Депозитарийди ишке ашыруу жана эл аралык системалар менен интеграциялык процесстерди басып өтүү – Кыргызстандын каржылык өнүгүү тарыхындагы орчундуу иш-чара – 2025-жылдын аягына пландалууда.

Маалымат үчүн: Alvarez&Marsal – каржылык жана операциялык реструктуризациялоо, операциялык натыйжа жана убактылуу башкаруу жаатында 40 жылдан бери бай тажрыйбага ээ болгон глобалдык консалтингдик компания.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: