super.kg logo

"Дагы да изденүү керек".  "Мейкин" сыйлыгына көрсөтүлгөн эмгектер боюнча айтылды

 

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган "Мейкин" сыйлыгынын жыйынтыгы чыкты. Бүгүн, 6-декабрда президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жана комиссия мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, анда сыйлыктын жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти.

Бул жылы уюштурулган "Мейкин" сыйлыгына медиа өкүлдөрүнөн жана блогерлерден 200гө жакын эмгек келип түшкөн. Алардын ичинде мамлекеттик медиа, көз карандысыз маалымат каражаттары жана блогерлер дагы бар.

Аталган сыйлыкка калыстык кылган топ сынакка келген эмгектердин ичинен 1 миллион сомго татыктуу материл көрө алышпаганын белгилеп өтүштү.

"Менин оюмча, сапат жагына келгенде дагы изденүү, иштөө керек экен. Ушул 1 миллион сомго татыктуу материал болуптур дегенди көрө алган жокпуз. Балким, биринчи жыл болуп журналисттерде убакыт жетишсиз болуп калган чыгар", - деди Майраш Базлакунова.

Комиссиянын мүчөсү Ширин Костюк дагы ушундай эле пикирин билдирип, аталган сыйлык аркылуу өлкөдөгү журналистиканын кемчилигин көрө алдык деп кошумчалады.

"Бул сынак бүгүнкү журналистиканын кемчиликтерин көрсөттү десем болот. Биз материалдарды карап жатып, тармактык журналистикага көбүрөөк көңүл буруу керектигин билдик. Тилекке каршы, көпчүлүк келген материалдар окшош. Бул президентибиздин уюштуруп жаткан биринчи сыйлыгы болгондуктан, бул жылы журналисттерге мотивация болсун деген таризде жеңүүчүлөрдү аныктадык. Чындап келгенде "мына ушул 1 миллион сомдук " деп үлгү катары көрсөткөн материал болгон жок", - деди Ширин Костюк.

Ошону менен катар комиссия кийинки жылы материалдардын сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, келечекте дагы да көп талапкерлер болоруна ишеним беришти.

Ал эми Дайырбек Орунбеков комиссия мүчөлөрү татыктуу материалдар болбогондуктан кээ бир номинациялар үчүн сыйлыкты ыйгарбоо сунушу болгонун айтты. Бирок сунушталган материалдардын ичинен жакшысын тандоо чечими кабыл алынды жана бул жылы бардык номинациялардын жеңүүчүлөрү аныкталат.






06.12.24

06.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: