super.kg logo

Кыргызстандагы Ozon’до адаттан тыш Топ-10 товар

 

Бүгүнкү күндө маркетплейстерде кийим-кече жана бут кийимден баштап, курулуш материалдарына жана белектерге чейин бардыгын таба аласыз. Кээде бул жерде көңүлдү көтөрө турган, үйдө жагымдуу маанайды жарата турган же жакын адамыңызга кызыктуу белек болчу чындап адаттан тыш буюмдар кездешет.

Акыркы учурларда социалдык тармактарда адамдар жумуш ордунда башына атайын жаздык коюп уктап жаткан, ал эми үй жаныбарлары арстандын жалына же кызык костюмга өзгөрүлүп кеткен күлкүлүү видеолор “вирустай” тарап жатат. Тырмактар үчүн принтер маникюр жасаса, чачты фольгадан жасалган “тумшуктуу” баш кийимге кургатышууда. Булардын бардыгын жана башка көптөгөн кызыктуу буюмдарды маркетплейстерден оңой эле тапса болот. Кыргызстандын тургундары Ozon’дон сатып алган адаттан тыш 10 буюмду чогултуп чыктык.

  1. Металл самын – дат баспас болоттон жасалган жылмакай кесим, дээрлик түбөлүктүү десе да болот. Бул самын кирден гана арылтпастан, ошону менен бирге жагымсыз жыттардан, анын ичинде пияздын, сарымсактын, жада калса балыктын да жытынан тазалайт дешет. Сатып алуучулар жазгандай, бул самын чындап эле ушундай эффект берет экен.

  2. Попкорн жасагыч. Попкорн жасоочу аппарат кечки убакытка өзгөчө шаң кошот. Моделдер идиштердин саны, лотоктун сыйымдуулугу, өндүрүмдүүлүгү, корпустун түрү жана дизайны боюнча айырмаланат. Блокбастерди көрүүгө даяр болосуз!

  3. Канттан вата жасаган аппарат – функционалдуу жана оңой эле колдонсо болот. Аппаратты розеткага сайып, кумшекерди кошуп, эригенче күтө турасыз, болду! Андан кийин таякты алып, сууга малып, канттын жиптерин орой баштайбыз.

  4. Бургер-машина. Жакшы көргөн тамактарды бышырган аппарат темасын бургер машинасын улантат. Эреже боюнча, бардык компоненттерди бөлүп бышыруу үчүн анда үч деңгээл бар – котлетадан баштап, бургер үчүн нанга чейин бышыра аласыз.

  5. Суусундукту муздатуучу өзөктөр. Адегенде бул аэратор жана дозатор, андан кийин гана муздаткыч. Бөтөлкөнүн ичиндегилерди стаканга тамчысын да төкпөй, ысып кетишине жол бербей этияттык менен куюштурууга жардам берет.

  6. Ай түрүндө түнкү чырак. Жер спутнигинин реалдуу көчүрмөсү түрүндө жасалган чырак. Аны жатаарда пайдалансаңыз болот. Бул чырак балдар бөлмөсүндө же уктоочу бөлмөдө жомоктогудай маанайды жаратат. Ошондой эле аны менен өзгөчө фотосессияларды уюштуруп, досторду да таң калтыра аласыз.

  7. “Беш кабаттуу” шам. Панелдик көп кабаттуу үйдүн формасындагы шамдар эч кимди кайдыгер калтырбайт. Эгер сиз бөлмөңүздү өзгөчө жасалгалаганды жакшы көрсөңүз, анда бул шам сизге жагаары талашсыз.

  8. Муштум менен ургулоо үчүн жумшак клавиатура. Чоң Enter USB аркылуу туташат. Акырын басканда эле иштей баштайт, бирок аны ыргытып, түшүрүп, тепкилеп, кыскасы, бардык терс эмоцияларыңызды чыгарып алсаңыз болот.

  9. Жоон жыгач түрүндөгү жаздык. Бул текстилден жасалганына карабастан, абдан реалдуу көрүнөт. Чоң жумшак нан түрүндөгү жаздык да кызыктуу. Эки вариант тең сизге жагат жана биздин өлкөдө суроо-талапка ээ болуп жатат.

  10. Ак Рубиктин кубиги – классикалык формага ээ, оңой айланат, бирок анын бардык жактары бирдей түстө. Бул кубик логиканы өнүктүрбөйт, бирок стресстен арылтат жана өзүңүзгө болгон ишенимди арттырат.

Биз чогултуп чыккан жогорудагы буюмдардан тышкары, Ozon’до камин түрүндөгү абаны нымдагычтар, жип менен сүрөт тартуу үчүн комплекттер, атыр кутучалары, сүйүктүү аткаруучулардын коллекциялык альбомдору, эски пластинкалар жана башкалар бар. Аянтчада дайыма тематикалык сатып түгөтүү акциялары өтүп турат, андыктан сизге жаккан буюмду арзан баада сатып алууга болот. Ozon’го баш багып, үйдүн ичин толтуруп, кызыктуу эс алуу үчүн оригиналдуу идеяларды ала бериңиз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: