"506 бош орун бар". Бала бакчанын жетекчилерин тандоого сынак жарыяланды
Өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 506 бош орун бар. Сынактын биринчи этабында талапкерлерди каттоо башталат, ал 6-декабрдан 19-декабрга чейин созулат. Ал эми сынактын экинчи этабы боюнча маалымат Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин сайтына жарыяланат.
Каттоо билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:
doo.talas@ncokoit.kg
doo.naryn@ncokoit.kg
doo.g.osh@ncokoit.kg
doo.chui@ncokoit.kg
doo.ja@ncokoit.kg
doo.batken@ncokoit.kg
doo.osh@ncokoit.kg
doo.ik@ncokoit.kg
doo.bishkek@ncokoit.kg
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.