super.kg logo

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев One Water Summit иш-чарасына катышты (сүрөттөр)

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан One Water Summit саммитине катышты.

Иш-чарада казак мамлекет башчысы суу коопсуздугу туруктуу өнүгүүнүн, экономикалык прогресстин жана экологияны коргоонун негизги шарттары экенин белгиледи. Ошондой эле ал мөңгүлөрдү изилдөө жана коргоо боюнча дүйнөлүк изилдөө борборлорун бириктирген өнөктөштүк түзүүнү сунуштады.

“Мөңгүлөр дүйнөлүк суу циклинде маанилүү роль ойнойт, алар дарыялар менен көлдөрдү азыктандырып, дүйнө жүзү боюнча 2 миллиардга жакын адамды суу менен камсыздайт. Биз биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп, мөңгүлөрдүн жоголушуна каршы туруучу жана суу ресурстарын башкаруу стратегияларын иштеп чыгуучу бирдиктүү саясатты калыптандырышыбыз керек”, – деп билдирди президент.

Ага улай Токаев суу коопсуздугун чечүү үчүн One Water принциптерине негизделген көп тараптуу диалогду өнүктүрүү зарылчылыгын айтып, Казакстан глобалдык суу ресурстарын башкарууну бекемдөө боюнча жалпы аракеттерге өз салымын кошууга даяр экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, саммит Сауд Арабия Королдугунун мураскер ханзаадасы жана премьер-министри Мухаммед бин Салман Аль Сауд, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Дүйнөлүк банктын президенти Аджай Банга, Глобалдык суу ресурстары экономикасы боюнча комиссиянын (GCEW) тең төрагасы Йохан Рокстрем, эл аралык уюмдардын, коомдордун жана компаниялардын катышуусунда өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: