super.kg logo

"Мейкин" сыйлыгына калыстык кылган топ: "Жеңүүчүлөрдү өтө дыкаттык менен карап чыктык"

 

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган "Мейкин" сыйлыгынын жыйынтыгы чыкты. Бүгүн, 6-декабрда президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жана комиссия мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, анда сыйлыктын жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти.

Аталган сыйлыкка жалпы мамлекеттик жана көз карандысыз маалымат каражаттары тарабынан 200дөн ашык материал келип түшкөн.

Жалпы комиссиянын курамына эки мамлекеттик органдын өкүлү, тогуз адам көз карандысыз маалымат каражаттарынан жана журналисттик профилдеги окуу жайларынан дайындалган. "Мейкин" сыйлыгына калыстык кылган топ жеңүүчүлөрдү аныктоодо эч кимдин пикири таңууланбай, калыс бааланганын ишендирип өтүштү.

"Жыйынтык чыгарууда эч ким эч кимге пикирин таңуулаган жок. Ар бир комиссия мүчөсү журналистиканын баалуулуктарын, сыйлыктын эрежелерин эске алуу менен өзүнүн билимин, тажрыйбасын, күчүн жумшады. Калыстык кылган топ иш алып барып жаткан учурда эч кимден сурнычтар болгон жок. Келген ар бир эмгекти дыкаттык, жоопкерчилик менен текшерип чыктык. Комиссия колунан келишинче таза, калыстык менен жыйынтык чыгарганга аракет кылды", - деди Ширин Костюк.

Ал эми комиссиянын мүчөсү Заирбек Бактыбаев кийинки жылы сыйлыктын айрым талаптары өзгөрүшү мүмкүн экенин айтып өттү.

"Комиссиянын жыйынында кийинки жылы кээ бир талаптарды өзгөртүү сунушу айтылды. Бул сынакка жалаң эле мамлекеттик мадиалар эле катышып калбастан, жалпы журналисттер, эркин медиалар катышкан сыйлык болсо экен деген тилектер. Жыйынтык чыгарууда калыстык кылган топ болушунча бейтарап болду. Эч кандай суранычтар же басым болгон жок деп айта алам", - деп билдирди Заирбек Бактыбаев.

Ошону менен катар Дайырбек Орунбеков өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан "жыйынтык чыгарууда калыстык менен карагыла" деген тапшырма болгонун кошумчалай өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: