2026-жылдан баштап алыскы аймактагы үч жашка чейинки балдарга жөлөкпулдар бериле баштайт
Өлкөнүн бийик тоолуу жана өзгөчө статусу бар аймактарындагы үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки ар бир баласына 2026-жылдын 1-январынан тарат жөлөкпул бериле баштайт. Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койду.
Маалымдалгандай, бала 3 жашка чыкканга чейин төлөм дайындоо каралган. Мындан тышкары, мыйзамда «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Министрлер кабинети тарабынан бекитилери белгиленген.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште бул мыйзам 24-октябрда кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.