super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Ташиевдин уулу инвестор болгон Өзгөн районундагы айланма жолду ачты 

 

Бүгүн, 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жол ачылды. Ага президент Садыр Жапаров катышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы өз сөзүндө айланма жол салуу менен өлкөбүздүн транспорттук инфратүзүмүн эле өнүктүрбөстөн, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багыт алган маанилүү салым болгонун айтты.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында башталган бул долбоорду мына декабрь айынын башында ишке берип жатабыз. Долбоордун алкагында жаңы жол гана салынбастан, Кара-Дарыяга 197 метрлик жана Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынгандыгын баса белгилеп кетейин. Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттар түзүлүп, айланма жолдо мал айдап өтүүсү жана ички айылдардын каттамы үчүн жолдун асты менен өтүүчү өтмөктөр дагы курулду”, - деп белгилеген Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 24 метр болуп, 4 тилкеден турат. Анын ичинде эки көпүрө салынган. 22 чакырым темир тосмолор орнотулуп, төлөм пунктары заман талабына ылайык курулган. Долбоордун жалпы суммасы 2,6 милиард сомду түзөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: