super.kg logo

Путин Беларустун аймагына "Орешник" ракетасы качан жайгаштырыла тургандыгын билдирди

 

Александр Лукашенко Владимир Путинден орусиялык эң акыркы куралдарды, анын ичинде Орешник баллистикалык ракетасын Беларустун аймагынна жайгаштырууну суранды. Бул туурасында орус басылмалары жазды.

Маалымдалгандай, Лукашенко жакында эле Орусия “Орешник” ракетасын ийгиликтүү учуруп, атаандаштарга белгилүү бир деңгээлде таасирин тийгизгендигин айткан.

Путин өз кезегинде 2025-жылдын орто ченинде аталган аскердик техника Беларустун аймагына орнотула тургандыгын убадалады.

Белгилей кетсек, Минскте Владимир Путиндин катышуусунда Орусия менен Беларустун жогорку мамлекеттик кеңешинин жыйыны болду. Анда эки мамлекет ортосундагы коопсуздук кепилдик боюнча келишимге кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: