Малайзияда өткөн сурдо оюндарынан кыргыз балбандары байгелүү кайтышты


Маалымдалгандай, сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 9 медаль жеңип алышкан. Капчыкта 1 алтын, 6 күмүш, 2 коло бар.
Алтын медалдын ээси:
60 килограмм салмакта - Смадияр Жумкадыров;
Күмүш медалын ээлери:
Динмухамед Бигельдиев - 67 килограмм салмакта;
Сүймөнкул Икрамов - 72 килограмм салмакта;
Дастан Рыспаев - 82 килограмм салмакта;
Алишер Шамшединов - 87 килограмм салмакта;
Нарту Абдурахманов - 97 килограмм салмакта;
Габит Айдарбеков - 130 килограмм салмакта.
Коло медалдын ээлери:
Абдурасул Исмаилов - 63 килограмм салмакта;
Сыймык Чолпонбек уулу - 77 килограмм салмакта;
Белгилей кетсек, X Азия-Тынч океан сурдо оюндары Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында орун алган. Курама команда башкы машыктыруучу Фархад Ушуров жана машыктыруучу Рустам Ушуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.