super.kg logo

"Долбоордон чыктык". Ташиевдин уулу Өзгөндөгү айланма жолуна мындан ары катыштыгы жок экендигин билдирди (видео)

 

Ош облусундагы Өзгөн районунда салынган айланма жол бүтүп, пайдаланууга берилди. Жеке ишкер Тай-Мурас Ташиев "Регион" телеканалына маек берип жатып, мындан ары бул долбоорго анын катыштыгы жок экендигин билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимге атасы УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тарабынан берилген сунуш түрткү болгон.

"Долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири сунуш берип, жолдун курулушуна катышып калдык. Өзгөн шаарындагы тыгын маселесин чечүү багытында колго алынган долбоор. Мен үй-бүлөбүзгө тиешеси бар, 20 жыл мурун курулган заводду сатып, насыя алып анан катышкам. Анткени бул жерге инвестордун келиши кыйын болчу, анткени жол өзүн өзү 15-20-жылдын аралыгында гана актайт.

Мындан бир ай мурун атамдан сунуш түшүп, бүгүн 100 пайыз долбоордон чыгып кеттик. Мен азыр Өзгөн айланма жолундагы долбоорго тиешем жок", - деп билдирген Ташиев.

Белгилей кетсек, бийлик айланма жол өлкөдө алгачкы акы төлөнүүчү унаа жолу болорун билдирген. Президент Садыр Жапаров аталган долбоорго инвесторду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев тапканын айткан.






07.12.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: