super.kg logo

"Аскердик абал". Түштүк Кореянын президенти элинен кечирим сурады

 

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл өлкөдөгү аскердик абалды жарыялоо менен коомчулукту башаламандыкка алып келгендиги үчүн кечирим сурады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, ал бул ишке барганына өкүнөөрүн айтып, мындай кадамдар экинчи ирет кайталанбай тургандыгын кошумчалаган. Президенттин бул чечимге айласыздан келгенин билдирген.

"Мен бул согуш абалынын жарыяланышына байланыштуу юридикалык жана саясий жоопкерчиликтен качпайм", - деди ал жана өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чечимдерди, анын ичинде анын кызмат мөөнөтү боюнча маселени да өзүнүн Элдик бийлик партиясына калтырууга убада берди.

Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган.

Ошондой эле 4-декабрда Түштүк Кореянын Демократиялык партиясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду аскердик абалдын киргизилгендигине байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырып, импичмент жараянын баштай турушканын айтып бир канча жетекчилер отставкага кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: