Айсулуу Тыныбекова өз сүйүүсүн тапканын айтты (видео)
Кыргызстандын балбан кызы, спортчу Айсулуу Тыныбекова өз сүйүүсүн тапканын билдирди. Ал Инстаграм баракчасына сүрөтү менен видео жүктөп, билдирүү калтырган.
Ал жашоодо өз адамын кезиктиргенин айткан.
"Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана алып, аракет кылган адамдан таптым.
Бул жыл мага дагы бир жеңиш алып келди. Бул сүйүү, жаңы жашоо жана үй-бүлө", - деп калтырган спортчу айым.
Спортчу айым азырынча жүрөгүн багындырган мырзанын атын ачыктай элек.
Белгилей кетсек, белгилүү кыргыз балбаны 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарына катыша тургандыгын билдирген. Ошондой эле Париждеги мелдештен кийин бир аз тыныгуу алганын айткан.
Айсулуу Тыныбекова сүйүүсүн жолуктурду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

07.12.2024. 23:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтын кыз түбөлүктүү бакыт каалайм,
бар бол, бай бол
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.