super.kg logo

"Сеул дагы толкуду..." Түштүк Кореянын президенти импичменттен кутулду

 

Түштүк Кореянын парламент имаратынын алдына миңдеген адамдар чогулуп, президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Кечээ, 7-декабрда парламент оппозиция киргизген президентке импичмент жарыялоо долбооруна добуш бермек. Бийликтин партиясынын мүчөлөрү бойкот жарыялагандыктан импичмент боюнча сунушка добуш бере алышкан жок. Документти бекитүү үчүн добуш берүүгө 300 депутаттын 195и катышты. Бийликтеги партиянын 105 мүчөсү залдан чыгып кеткен.

Жарандык топтор, кесиптик бирикмелер,анын ичинде Кореянын профсоюздар конфедерациясы (KCTU), студенттер жана жеке адамдар Сеулдун батышында жайгашкан Ассамблеянын жанындагы көчөлөргө чыгып, президентти импичментке чакырган жазууларды кармап турушту.

Полиция митингге 149 миңдей адам келгенин айтса, уюштуруучулар 1 миллиондой киши катышканын билдирди. Негизги көчөлөр жол кыймылы үчүн жабык экендиги кошумчаланган.

Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Окуядан кийин бир нече жетекчилер жумуштан кетип, Демократиялык партиясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду кызматтан кетүүгө чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: