super.kg logo

Камчыбек Ташиев Оштогу өзү окуган мектеп-интернатына барып, курулушун текшерди

 
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңыдан курулуп жаткан Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатына барды. Бул туурасында анын жардамчысы билдирди.
Маалымдалгандай, Камчыбек Ташиев өзү окуган мектепте, классташтары жана мугалими менен бирге, мектеп-интернаттын жаңы аймагына бак-дарак тигишти.
Кошумчалангандай, мектеп-интернаты үчүн 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана курулуп жатат. Учурда эки объектинин курулушу иштери 70 пайызга аткарылган. Билим уясында өзүнчө спорт, волейбол аянтчалары, актовый зал жана башка керектүү жайлары менен курулууда. Учурда объектиде ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Мектеп 324 миллион сомго бааланган. Ал эми 500 орундуу жатакана 4 кабаттан туруп, жатып окууганга бүт шарттар тузүлөт.
Белгиленгендей, бул Ош шаарындагы социалдык жактан аз камсыз болгон балдарды тарбиялаган жалгыз мектеп-интернаты. Билим уясы 1964-жылдан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ага, советтик туңгуч космонавт айым Валентина Терешкованын ысымы ыйгарылган.
Белгилей кетсек, жаңы имарат куруу тапшырмасы президент Садыр Жапаров тарабынан берилген. Камчыбек Ташиев бул тапшырманы ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: