super.kg logo

Бишкектин көчөлөрүнө түнү менен 62 тонна туз себилди (видео)

 
Бишкек шаарындагы көчөлөргө туз себүү иштери жүрүп түнү менен жүрдү. Аны "Тазалык" ишканасы алып барды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалганжай, Жайыл баатыр, Аалы Токомбаев, Алыкулов, 7-апрель, Ахунбаев, Тыналиев, Кожобергенов, Д.Садырбаев, Киев, Горький көчөлөрү жана Чүй, Жибек Жолу, Манас проспектилерине туз чачуу иштери аткарылган.
"Жалпысынан 62 тонна туз чачылды. Ишкананын 35-40 жумушчусу жана 14 атайын кышкы техникасы учурда линияда жүрөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Тазалык" ишканасы буга чейин кампасында 3 миң тоннадан ашык техникалык туз бар экендигин билдирип, дагы 2 миң тонна келерин айткан. Ошондой эле техникалардын даярдыгы боюнча маалымат берген.





Бишкектин көчөлөрүнө түнү менен 62 тонна туз себилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: