super.kg logo

Франциянын президенти Парижде Трамп менен Зеленскийди жолуктурду

 

Париждеги Елисей сарайында Франциянын президенти Эммануэля Макрон, АКШнын жаңы башчысы Дональд Трамп жана Украина лидери Владимир Зеленский менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, сүйлөшүү Украинада болуп жаткан согуш туурасында болуп, жарым саатка гана согулган. Андан соң үч лидер кол алышып, башка иш-чара кетишкен. Журналисттерге билдирүү жасаган эмес.

Макрон өзүнүн социалдык баракчасына “Биргелешип тынчтык жана коопсуздук учун күрөшүбүздү улантабыз” деп калтырганы маалыматта айтылган.

Ал эми Зеленский болсо эки мамлекеттин лидерлери менен болгон жолугушуу жемиштүү болгонун жазган.

Айта кетсек, АКШнын лидери Парижге 2019-жылы өрттөн улам жарактан чыгып, кайра ачылган Нотр-Дама чиркөөсүнүн ачылышына барган.

2023-жылдын январында Трамп Украинадагы жаңжалды 24 сааттын ичинде токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларын айткан. Үстүбүздөгү жылдын май айында ал кайрадан Ак үйгө кайтып келсе, биринчи кезекте Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотуу боюнча иш алып барарын билдиргени маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: