super.kg logo

Дамасктагы Башар Асаддын атасына арналып тургузулган эстелик кулатылды (видео)

 

Сириянын президенти Башар Асаддын атасы Хафез ал-Асаддын эстелигин козголоңчулар кулатып, талкалап салды. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалымдалгандай, эстелик жекшембиге караган түнү талкаланган. Ал Дамаск шаарынын борборунда орун алган.

Ошондой эле согушкерлер жана аларга тилектеш болгон шаар тургундары Сириянын мамлекеттик телеканалынын жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын имараттары жайгашкан борбордук Омейяд аянтында топ-топ болуп жүрүшкөнү маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, Сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Сирия армиясы офицерлерге президент Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган. Ал бүгүн өлкөдөн учак менен чыгып кеткен. Азырынча анын кайсыл мамлекетке барганы айтыла элек.






Дамасктагы Башар Асаддын атасына арналып тургузулган эстелик кулатылды.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: