Башар Асад отурган делген учак күтүүсүздөн радардан жоголуп кетти
Сириянын лидери Башар Асад отурган деген учак Дамасктан учуп чыккандан кийин бийиктигин жоготуп, андан соң радардан жонолуп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Башар Асад отурган делген SYR9218 номерлүү Ил-76Т учагы бийиктигин дароо жоготкону радардан байкалган. Андан кийин ал радардан жоголуп кеткен. Учак кырсыкка кабылышы мүмкүн, бирок азырынча бул маалымат тастыктала элек.
7-декабрда Египет менен Иорданиянын бийлиги Башар Асадды өлкөдөн чыгып кетүүгө жана чакырган. Анын үй-бүлөсү өткөн аптада Орусияга кеткен.
Ошондой эле террорчулар Сириянын борборун толугу менен көзөмөлдөп, өкмөттүк күчтөр аларга туруштук бере албай жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.