"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.
Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн максаты - терроризмге каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эске салсак, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 21-ноябрында кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















