Кыргызстандын аймагында жер титиреди
Кыргызстандын аймагында бүгүн, 9-декабрда саат 05:41 чамасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде айылдарында 3 балл, Салам-Алик, Кош-Этер айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.