super.kg logo

Экс-депутат Канат Исаев үй камагына чыкты

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канат Исаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-декабрда шаардык соттун басма сөз кызматы ырастады.

Билдирүүдө кабарлангандай, Канат Исаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу Чүй облусу боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кайрылган. Октябрь райондук соту арызды 6-декабрда карап, өтүнүчтү канааттандырган.

Эске салсак, Исаев 20-ноябрда УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. 22-ноябрда анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Мурдагы депутат Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо" беренеси менен айыпталууда.

3-декабрда Исаевдин камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 27-январына чейин узартылганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: