super.kg logo

"Үйдө боштук пайда болду". Япониялык аткаминер Путин берген мышыктын өлүмү жалгызсыратканын айтты

 

Япониянын Акита префектурасынын губернатору Норихиса Сатакэ Орусиянын президенти Владимир Путин белек кылган мышыктын өлүмүнөн кийин үйдө боштук пайда болгонун билдирди. Ал бул тууралуу маалымат жыйында айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

"Үйдө боштук сезими пайда болду. Адатта, таңга маал мени ойготчу. Анын өлүмүнөн кийин мен жана менин үй-бүлөм жалгызсырап калдык", - деген ал.

Ошондой эле губернатор мышыктын өлүмүнөн кийин гүл жана колдоо сөздөрү жазылган каттарды жөнөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, мышыктын өлүмү 3-декабрда белгилүү болгон. Кийинчерээк Сатакэ өлүмгө оору себеп болгонун тактаган.

2012-жылы жайында япон губернатору Путинге күчүк белек кылган. Бул 2011-жылдагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда Орусиянын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык катары жасалган. Орус лидери 2013-жылы буга жооп катары мышык белек кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: