super.kg logo

Бишкекте TalentforBIZ карьера жарманкеси өттү

 

Бишкекте 7-декабрда Түркиянын Президенттик аппаратынын Адам ресурстары башкармалыгы тарабынан уюштурулган түрк фирмаларында жумуш мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырган TalentforBIZ карьера жарманкеси өттү.

Жаш таланттарды эл аралык жумуш жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү менен жакындатууну максат кылган TalentforBIZ 2019-жылдан бери 10 өлкөдө өткөрүлүп келет. Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү. Бишкектеги жаштар менен бизнес чөйрөсүнүн ортосунда көпүрө болду. Карьера жарманкесине борбордогу бардык ЖОЖдордон 1600 студент катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар түрк компаниялары тарабынан сунушталган жумуш жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Жумуш тууралуу маектешүү тажрыйбасын жакшыртышып, адам ресурстары боюнча эксперттер менен жекеме-жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Президенттик аппараттын адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы Салим Атай иш-чаранын ийгиликтүү өткөнүн билдирди.

"Биз Кыргызстанга биринчи жолу келип жатабыз жана бул жерде болгонубузга абдан кубанычтабыз. Бүгүнкү иш-чарабызга катышуу жогору болду. Бизде 1600 студент катталган жана катышуучулар Бишкектин бардык ЖОЖдорунан келишти", - деди Салим Атай.

TalentforBIZ жаштардын эл аралык эмгек рыногунда орун алышына колдоо көрсөтүүнү жана түрк фирмаларын квалификациялуу таланттар менен жакындаштырууну максат кылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: