"Кымбат баалуу унаалар..." Башар Асаддын резиденциясы тонолду (видео)
Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын Дамасктагы резиденциясы оппозиция тарабынан басып алынгандан кийин тонолду. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Анда марадёрлор Башар Асаддын хан сарайына келип, болгон буюмун бүт көтөрүп кетишкен. Хан сарайда эмеректер менен Башар Асаддын портрети гана калган.
Ошондой эле сириялыктар Башар Асаддын элиталык райондогу унаа токтотуучу жайын дагы таап алышкан. Ал жакта Ferrari, Audi, Mercedes сыяктуу кымбат баалуу унаалар болгон.
Өз кезегинде сириялык оппозиция жарандарды мамлекеттик менчикти сыйлоого чакырды, анткени ар кандай имараттар жана курулуштар элге таандык.
Башар Асаддын резиденциясы тонолду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.