Түркияда тик учак кулап, төрт аскер набыт болду
Түркиянын түштүгүндөгү Ыспарта провинциясында аскердик тик учак кулап, төрт аскер каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар провинциянын губернатору Абдуллах Эриндин билдирүүсүнө таянып жазышууда.
Ал тик учак Кечиборлу конушунда машыгуу учурунда май куюучу жайдын жанына кулаганын айткан.
"Учурда 4 аскер каза болду, биздин эсептөөлөр боюнча, тик учакта 5 адам болгон", - деген Эрин жергиликтүү телеканалдардын бирине маалымат берип. Ошондой эле ал куткаруучулар бешинчи жоокерди издөө иштерин жүргүзүп жатышканын кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.