super.kg logo

Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйгөнү айтылды

 
Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы бир жумада 7335 КРВИ жана 1 сасык тумоо учуру катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 3,8 пайызга көп. Ал эми ооруу жугузгандардын 70 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Оору Бишкек, Ош, Ысык-Көл жана Талас облустарында көп катталууда.
Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги ооруну алдын алуу үчүн бир нече эрежелерди сунуштады:
- беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо жана жөтөлгөндө оозду, мурунду жүз аарчы менен жабуу;
- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу;
- жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилер пайда болуп, өзүн начар сезген адамдарды өз убагында изоляциялоо;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо.
Сасык тумоо оорусуна чалдыккандардын саны көбөйгөндүктөн, SUPER.KG порталы сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу ооруларды кантип алдын алса болот, ооруп калган учурда эмне кылуу керек, ушул жана башка суроолор менен дарыгерге кайрылып көрдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: