super.kg logo

Баткенде табигый кырсыктарды алдын ала аныктоочу метеостанция ачылды

 

Бүгүн, 9-декабрда Кадамжай районунун Майдан айылында Баткен облусунда климаттык коркунучтардан жана мүмкүн болгон табигый кырсыктардан коргоо максатында Фергана өрөөнүндө эрте эскертүү системасынын метеостанциясы ачылды. Бул тууралуу Баткен облусндагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалым болгондой, Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция табигый коркунучтарды убагында аныктоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу алдын ала божомолдорду жакшыртууга, ошондой эле ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт.

Иш-чарага борбордук жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ӨКМ кызматкерлери, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы делегациясы жана айыл тургундары катышты.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланган БУУӨПтүн "Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук" программасынын алкагында ишке ашырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: