Астанада жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп кетти (видео)
Астананын Байкоңур районунда жүргүнчү ташыган автобустан өрт чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, автобустун чатыры күйүп кеткен. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өрттү өчүрүүгө 9 мүнөт кеткен. Кырсыктан жүргүнчүлөр жабыр тарткан эмес.
Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Белгилей кетсек, Астанада буга чейин 4-декабрда дагы аялдамада турган автобус күйүп кеткен.
Астанада автобус күйүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.