Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу узартылды
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу 31-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, сот Бишкектин Биринчи май администрациясынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын 27-сентябрда карап, канааттандырган.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
- "Ала-Тоо" аянтында;
- Эркиндик кең көчөсү: Темир жолдон Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин имаратынын жанында;
- Панфилов паркында;
- Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
- Жогорку соттун алдында;
- Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
- УКМК жана ИИМ имараттарынын жанында.
Райондук сот ар кандай акцияларды Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилгенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында аталган аймактарда митинг өткөрүүгө тыюу салган. Андан бери чектөөнүн мөөнөтү узартылып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.