super.kg logo

Сириядагы козголоңчулар аялдарга хиджаб кийүүнү мажбурлоого тыюу салды

 

Сирияда бийликти басып алган козголоңчулар аялдарды хиджаб кийүүгө мажурлоого тыюу салганын жарыялады. Бул тууралуу сириялык Аль-Ватан гезити жазды.

Маалыматка караганда, козголоңчулардын командачылыгы аялдар үчүн кийим кийүүнү тандоо эркиндиги болуусу шарт экенин белгилеген.

"Аялдарды кандайдыр бир кийимдерди кийүүгө мажбурлоого же алардын кийим тандоо укугуна тоскоол болууга, алардын сырткы келбетине байланыштуу даттанууга катуу тыюу салынат", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан.

Сириянын өкмөт башчысы Мухаммад Гази аль-Жалали бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми президент Башар Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: