super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ мамилелеринин актуалдуу маселелери, 2025-жылга карата аларды ишке ашыруу жана өнүктүрүүнүн пландары сүйлөшүлдү.

Төрөбаев өзгөчө айыл чарба тармагында кызматташууну мындан ары дагы жогорулатууга көңүл бурду. Маселен суу ресурстары, асыл тукум мал чарбачылыгы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо, экспорт, адистерди окутуу, тажрыйба алмашуу тармактарында тыгыз кызматташунун мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүгө чакырды.

Өз кезегинде Николас Боулер британ бийлиги кыргыз тарап менен түрдүү тамактарда кызматташууга даярдыгын, өзгөчө энергиянын кайра жаралуу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: