super.kg logo

Армения ЖККУга дагы бир ирет нааразы болду

 

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жетекчилиги республиканын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого кайдыгерлик көрсөткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Lännen Media агенттигине берген маегинде билдирди.

"Бул кайдыгер мамиле чоң көңүл калууга алып келди. Бул чындап эле коомдук пикирди өзгөрттү", - деген ал.

Ошондой эле ал өлкөнүн чек арасы бир нече жолу бузулганын, ага ЖККУ тараптан реакция болбогонун айткан.

"Соңку жылдары Армениянын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган чек аралары бир нече жолу бузулган, мындай учурда өлкө «реалдуу колдоо алган эмес", - деп кошумчалаган ал.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжал учурунда ЖККУ жардам көрсөтпөгөнүн айтып, уюмду бир нече жолу сынга алган. Февраль айында ал өлкөнүн уюмга катышуусу убактылуу токтотулганын, анткени уюм Ереванга карата өз функцияларын аткарбаганын жарыялаган.

Кийинчерээк армян тарап ЖККУну каржылоого катышууну токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: