super.kg logo

Москвага качып келген Башар Асад кайсы жерде жашап жатканы болжолдуу айтылды

 

Орусиядан саясий башпаанек алган Сириянын мурдагы президенти Башар Асад Москвадагы "Москва Ситиде" жайгашышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, анын жакындары 2019-жылы эле "Москва Ситиден" 40 миллион долларга 19 батир сатып алышканы аныкталган. Документтерге ылайык, мүлктөрдүн 13ү Башар Асаддын аталаш тууганы Хафиз Махлуфка же ал көзөмөлдөгөн компанияларга таандык болгон.

19 батирдин кеминде төртөө турак жай катары колдонулат. Башар Асад дал ушул батирлердин бирине жайгашкан болушу мүмкүн.

9-декабрда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Башар Асадга башпаанек бергенин ырастады. Ал белгилегендей, Сирия лидерине жана анын үй-бүлөсүнө Орусиядан саясий башпаанек берүү чечимин президент Владимир Путин жеке өзү кабыл алган. Дмитрий Песков Башар Асаддын кайда экенин ачыктай албасын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: