super.kg logo

Министрлик Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган наристе боюнча маалымат берди

 
Билим берүү жана илим министрлиги Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган 5 жаштагы наристе тууралуу маалымат берди.
Мекеме билдиргендей, окуя 22-октябрда Сокулуктагы №4 “Сокулук Алтын Балалык” бала бакчасында болгон. Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Буга удаа министрлик окуя катталган күнү эле комиссия түзгөн. Алар бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.
"Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
Айтас кетсек, Чүй облустук милициясы бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: