super.kg logo

"Түркия аймакка кол салбайт". Эрдоган Сирия боюнча билдирүү жасады

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү Сирия боюнча билдирүү жасаганын Anadolu телеканалы билдирди.

Тактап айтканда, Түрк лидери Сирияда жаңы реалдуулуктар пайда болгонун айтты. Ал белгилегендей, Анкаранын эч кандай аймактык дооматы жок.

"Сирияда кечээ күнү караңгы доор бүтүп, жарык доор башталды. Түркия эч бир башка өлкөнүн аймагына жана эгемендигине кол салбайт. Чек арадагы операцияларыбыздын бирден-бир максаты – мекенибизди жана жарандарыбызды террордук чабуулдардан коргоо.

Сириянын аймактык бүтүндүгү негизги шарт. Сирияда чечимди Сирия эли гана кабыл алат", - деген Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин элге кайрылуусунда.

Эрдогандын айтымында, Сирия жаңжалы башталгандан бери Түркия коңшулук мыйзамдарынын жана улуу мамлекетинин талаптарын так аткарып келген.

"Биз Сирияда тынчтыкты, эркиндикти, диалогду, адилеттикти жана тез арада тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактадык. Кулатылган режимдин душмандык мамилесине карабастан, Сириянын аймактык бүтүндүгүн бардык шартта коргодук", - деген ал.

Эрдоган өз сөзүндө Башар Асадды Сирияны урандыга таштап качып кетти деп айыптады. Анын айтымында, Сирияда Башар Асад президент болгондон бери бир миллион адам набыт болуп, 12 миллион адам миграцияга аргасыз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: