super.kg logo
  Саясат  

Исхак Масалиев Өзгөндөгү президент ачкан жол кайра эле жабылганын айтты

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы жаңы ачылган айланма жол ачылган күндүн эртеси эле кайра жабылган. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган жол президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган иш-чарадан кийин, бетондор коюлуп жабылган.

"Өткөн жумада Өзгөндө унаа жол ачылып жакшы иш болду. Бирок ачылыш бүткөндөн кийин бетондорду коюп кайра жаап койду. Менин оюмча, Транспорт министрлиги тарабынан катачылыктар болсо керек. Эгер эсептей турган апараты так иштебей жатса, бир жума он күн тесттик режимде иштетсе болмок", - деди депутат.

Аталган жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 24 метр болуп, 4 тилкеден турат. Анын ичинде эки көпүрө салынган. 22 чакырым темир тосмолор орнотулуп, төлөм пункттары заман талабына ылайык курулган. Долбоордун жалпы суммасы 2 миллиард 600 миллион сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жол ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышкан.






Исхак Масалиев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: