super.kg logo
  Саясат  

"Шаарга чейин 5 миң сом дептир". Депутат "Манас" аэропортундагы таксилерди көзөмөлгө алуу керектигин айтты 

 

Бүгүн, 10-декабрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров "Манас" аэропортундагы таксилерди көзөмөлгө алуу керектигин билдирди.

Эл өкүлү Түштүк Корея, Японияда такси кызматын көрсөткөндөр бирдей форма кийип, унаанын ичидеги тазалыкты сактай турганын белгилеп өттү. Ал мындай шарт туристтер үчүн жагымдуу экенин айтып, ИИМге "андай шарттар биздин өлкөдө дагы түзүлөбү?" деп суроо салды.

Ал эми ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов аталган маселе каралып жатканын билдирип, шарттар түзүлө турганына ынандырды.

"Жакында Орусиядан биринчи жолу Кыргызстанга ооруп жаткан баласы менен аял келиптир. Ал аэропорттон түшсө эле таксилер "Бишкекке чейин 4-5 миң сом" дептир. Аны бир журналист көрүп калып, шаарга чейин 500-1000 сом менен жете турганын айтып, жеткирип коюптур.

Бизде жапайы мамиле бар, туристтердин деңгээлине карап акчасын айтышат. Бул жагдайды көзөмөлгө алуу керек", - деди Элдар Абакиров.

Ал эми Адылбек Бийбосунов такси кызматын көрсөткөндөр лицензия алса, кардарлардын коопсуздугу сактала турагынын айтып өттү.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу жана оң рулдуу унааны такси катары айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окуудан өткөн.






Элдар Абакиров

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: