super.kg logo

Түштүк Кореянын парламенти аскердик абалды иликтөө боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

 

Түштүк Кореянын парламенти өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлдун аскердик абалды жарыялоосуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка карганда, мыйзам долбоору өлкөнүн президентине, мурдагы коргоо министри Ким Ён Хёнго жана согуштук абалды жарыялоого катыштыгы бар башка аткаминерлерге каршы тергөө жүргүзүү үчүн кабыл алынган. Документке 210 депутат "макул", 63ү "каршы" добушун берсе, 14 депутат калыс болгон. Долбоорду көпчүлүк мандатка ээ бийликтин партиясы дагы колдоого алган.

Басылма бул документке президент вето коё албастыгын, бирок прокурорду дайындоо жараянын кечеңдете аларын жазат.

Буга чейин өлкө полициясы бул ишке байланыштуу мурдагы премьер-министр Хан Док Су баш болгон 10 министрди суракка чакырганы белгилүү болду.

Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Окуядан кийин бир нече жетекчилер жумуштан кетип, Демократиялык партиясы Юн Сок Ёлду кызматтан кетүүгө чакырган. Парламентке оппозиция президентке импичмент жарыялоо долбоорун киргизип, ал колдоо тапкан эмес. Анткени бийликтин партиясынын мүчөлөрү бойкот жарыялап, 105 депутат жыйындан чыгып кеткен.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги козголгон кылмыш ишине байланыштуу Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Ал эми аскердик абал жарыялоону сунуш кылган Коргоо министри Ким Ён Хён камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: