Түркияда тумандан улам 30дай унаа кырсыкка кабылды (видео)
Түркиянын Ван провинциясында туман жана муздан улам Ван Эргис унаа жолунда арты-артынан унаалар кырсыкка кабылды. Мындай видео телеграмм каналдарга жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, жолдун тайгактыгынан жана тумандан улам 30дай унаа кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 51 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинен 4 адамдын абалы өтө оор.
Окуя болгон жерде унаа кыймылы жарым-жартылай калыбына келтирилди. Учурде жеринде тийиштүү кызматтар иш алып барууда.
Түркияда тумандан улам 30дай унаа кырсыкка кабылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.