Ваннада кулап жараат алган Бразилиянын президентине операция жасалды
Бразилиянын президенти Лула да Силвага гематоманы алып салуу үчүн краниотомия жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, операция эч кандай кыйынчылыксыз өткөн. Лула да Силва учурда жандандыруу бөлүмүндө экени, ал өзүн жакшы сезип калганы кошумчаланды.
Эске салсак, 19-октябрда 78 жаштагы президент өзүнүн резиденциясынын Альворада сарайында ваннада жыгылып, борбордогу Сирио - Либанес ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлер анын баш мээсинин жеңил чайкалышынын белгилери бар экендигин аныкташкан.
Мындан улам Силванын Орусияда өтчү БРИКС саммитине катышуу сапары токтотулуп, ал видеоконференция аркылуу катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.