super.kg logo

Садыр Жапаров Караколдогу Байсары уулу Кыдыр аке жаңыланган аскер бөлүгүнө барды (фото)

 
Бүгүн, 10-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү жаңыланган аскер бөлүккө барып, 51 миллион сомдон ашкан акча каражатына алынган 30 даана JAC маркасындагы жол тандабас жаңы автоунааларын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда мамлекет башчы аталган жайга жаз айында келип, аскер бөлүгүнүн абалын көргөндөн кийин оңдоп-түзөө иштерин баштоого тапшырма бергенин эске салган.

“Дароо барып аскер бөлүктүн инфратүзүмүн: штабы, окуу борбору, окуу корпусу, казармасы, көзөмөл өткөрүү жайы, унаа паркы жана башка бардык имараттарын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө буйрук бергем. Мына бүгүн мамлекеттик чек арабыздын 676 чакырымын түзгөн тилкени кайтарган аскер бөлүк жаркыраган жаңыланган абалга келип отурат”, - деген мамлекет башчы.

Ошону менен катар Жапаров мамлекет тарабынан чек ара коопсуздугун чыңдоого чоң көңүл бурулуп жатканына токтолуп, социалдык абалын жакшыртууга 1 миллиард 240 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөнүн баса белгиледи.

“Кытай менен "Бедел" көзөмөл өткөрүү пункту жаңы курулуп, ишке берилди. Эртең чек арачылардын кызмат өтөөсүнө заманбап шарттар түзүлгөн эл аралык "Каракол" аэропорту ачылып, ишке берилет", - деп кошумчалап өткөн.
Садыр Жапаров, мунун баары мамлекеттик чек арабыздын, элибиздин тынчтыгын камсыздоого ант берип, ыйык кесипти аркалап келаткан чек арачыларга жүктөлгөн тапшырмаларды так аткаруусу үчүн түзүлүп жаткан шарттар болуп саналарын айтып өттү.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: