super.kg logo

Бишкекте көчөдө телефон сатуу менен алектенген 25 жаран милицияга жеткирилди (видео)

 

Бишкекте “Чөнтөк уурулукка жол жок" аталышындагы рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам кызматкерлер 1 сутка ичинде уурдалган уюлдук телефондорду сатууну алдын алуу максатында, базарларда, тротуарларда жана унаа жолдорунда мобилдик аксессуарлар менен башаламан соода-сатык жүргүзгөн 25 жаранды Бишкек ШИИББине жеткирди. Алардын сатыктагы 60ка жакын уюлдук байланыш аппараттарынын ар бирин сериялык номерлерин идентификациялоо менен текшерүүдөн өткөрүп, аларга кылмыштуу жол менен билип туруп табылган мүлктү сатып алуу же сатууда кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишти.

Ошондой эле көчөлөрдө соода-сатык кылууда жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратпай, эрежелерди сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш-чара 2024-жылдын аягына чейин улантылат.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: