super.kg logo

Сирияны убактылуу ким башкара тургандыгы белгилүү болду

 

"Хаят Тахрир аш-Шам" тобунун лидери Абу Мохаммед аль-Жуланинин өнөктөшү Мохаммед аль-Башир Сириянын убактылуу өкмөтүнүн башчылыгына дайындалды. Бул туурасында Al-Jazeera билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Мохаммед аль-Башир буга чейин Идлиб провинциясын башкарып, “Сирияны куткаруу” деп аталган өкмөттү жетектеген. Анын билдирүүсүндө убактылуу өкмөттүн милдети 2025-жылдын 1-мартына чейин уланып, ага чейин мамлекеттик башкаруу маселелерин көзөмөлдөйт.

Белгилей кетсек, Сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганы кабарланган. Бул арада өлкөдөн чыгып кеткен мамлекет башчысы Орусиядан башпаанек алгандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: