super.kg logo

Араванда 62 жаштагы айылдашын сабаган жаран үй камагына алынды

 

Араван районунда айылдашын сабоого шектелген жаран үй камагына алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда милицияга Төө-Моюн айыл аймагынын 62 жаштагы тургуну денесинен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Текшерүүдө 15-ноябрь күнү жабырлануучуну 21 жаштагы айылдашы муштум менен сол көзүнө урганы белгилүү болгон.

Дайындалган соттук-медициналык экспертиза жабырлануучу денесинен оор жаракат алгандыгын аныктаган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, райондук сот тарабынан үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: