Депутат Масалиев жемкорлукту жоюуда керек болсо өлүм жазасын караштыруу керектигин айтты
Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев жемкорлук менен күрөшүүдө жазаларды күчөтүп, керек болсо өлүм жазасын караштыруу керектигин айтты.
"Коррупция менен күрөштө система калып жатат. Системаны өзгөртмөйүнчө коррупцияны жоготуш кыйын. Аны эч ким эч качан жогото албайт. Бирок коррупциянын деңгээлин төмөнкү чекке түшүрсө болот", - деди ал.
Ошондой эле Масалиев учурда жемкорлордун жазасын күчөтүү боюнча жакшы мыйзамдар жазылып жатканын белгилеп, аны колдоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

